Menu

Бишкектеги №13 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери коронавирусту жуктуруп алган адам менен байланышта болгондуктан оорукана жабылды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы №13 үй-бүлөлүк медицина борборунун аймактык дарыгери үй карантининде жаткан адамды тейлеген, кийин ал жарандан коронавирус табылгандыктан оорукана убактылуу жабылды.

Республикалык штабдан билдиришкендей, үй карантининде жатып, кийин коронавирус табылган адам учурда жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда.

Ал эми аны тейлеген дарыгер коронавируска эки жолу анализ тапшырып, жыйынтыктары терс болуп чыкты.

№13 үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги чечим чыгарып, ооруканада иштеген кызматкерлердин жана калктын коопсуздугу үчүн дарыгерлерди үй карантинине жиберишкен.

Учурда ооруканада дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. 19-апрелден баштап №13 үй-бүлөлүк медицина борбору штаттык тартипте иштей баштайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

67 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: