Бир суткада Жалал-Абад облусунда жалпы 26 кылмыш иши катталды. Алардын арасында оор кылмыштар катталган жок. Ошол эле бир сутканын ичинде Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча шаар жана райондук иштер боюнча бөлүмгө жалпы 117 киши алып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми коменданттык саттын эрежелерин бузган 5 жаран кармалды. Тартип бузгандардын баары Жалал-Абад шаарында катталды. Жол коопсуздугу боюнча аткарылган иш чаранын негизинде айып төлөнүүчү жайларга жалпы 114 автоунаа алып келинип, тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн-брифингде билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ