Menu

Фото – “Манас” аэропортунун жанына 700 орундуу обсервация курулуп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-апрель күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров “Манас” эл аралык аэропортунун транзиттик жүк ташуучу борборунун территориясында жайгашкан корпустарда жарандарды кабыл алуу жана убактылуу жайгаштыруу үчүн шарттарды жакшыртуу максатында аткарылып жаткан курулуш иштерин жеринен карап чыкты. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
“Манас” эл аралык аэропортунун транзиттик жүк ташуучу (ТЖБ) борборунун территориясында жайгашкан корпустарды жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу максатында өзгөртүп, кайрадан куруу үчүн жатак орундарынын санын көбөйтүү жана ал жерлердеги санитардык, турмуштук шарттарды түзүү, ошондой эле курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык келтирүү боюнча КР Коопсуздук кеңеши жана Республикалык штаб тарабынан КР ӨКМге иш алып баруу тапшырмасы коюлган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик Агенттиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте долбоорду иштеп чыккан. Долбоордо ТЖБ аймагында жайгашкан 2 кабаттуу 6 корпустуу имараттын конструкциялык жана жалпы пландык структурасы өзгөртүүсүз калтырылып, кайрадан өзгөртүп куруу каралган. Жыйынтыгында ар бир бөлмөдө санитардык түйүндөр күлтүгү менен (унитаз), жуунгуч, душ кабиналары каралган, 700 адамга (медициналык персонал менен) ылайыкташтырылат. Обсервацияга алынган жарандарыбызга жана ал жерде кызмат кыла тургандарга толук шарттар түзүлмөкчү
Министр курулуш иштеринин аткарылышын жеринен карап чыгып, талаа шартында кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге курулуш иштерине жооптуу башкармалык, департаменттин жетекчилери катышып, жалпы иштин аткарылышы боюнча маалымат беришти. Министр Замирбек Аскаров бөлүнгөн акча каражатын максаттуу жана үнөмдүү пайдаланып, жумушту ыкчам жана өз убагында бүткөрүүнү баса белгилеп өттү. “Элибизге ушундай оор сыноо келип турганда, баарыбыз мекенчилдик, ак ниеттүүлүк менен сапаттуу жана таза иштеп берели. Бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланып, жумушту ыкчам жана сапаттуу бүтүрүп бериңиздер. Ар бирибиз мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө, элибиздин бейпил жана сак-саламат жашоосу үчүн салымыбызды кошолу”- деди З. Аскаров.
Кошумчалай кетсек, курулуш иштерине 250 жумушчу тартылып, күнү-түнү иш жүрүп жатат.

   

   

   

   

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: