Menu

Трамп: Кытай вирустун жайылуусуна атайылап жол берген болсо, оор кесепеттерге кабылышы мүмкүн

Бөлүшүү:

АКШ коронавирус инфекциясынын кандай шартта жайылгандыгы боюнча тергөө жүргүзөт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп вируска каршы күрөшүүгө арналган Ак үйдөгү брифинг маалында билдирди.

«Кытай кокустан ката кетирген болушу мүмкүн. Мындай болсо аны күнөөлөөгө болбойт. Бирок бул ишке атайылап барган болсо, анда Бээжин оор кесепеттерге кабылышы мүмкүн. Вирусту Кытайда токтотууга мүмкүн болчу, эми азыр бүткүл дүйнө жабыркап жатат», — деди президент.

Өз сөзүндө Трамп коронавирустан Кытайда 4 миңден ашык киши өлгөндүгү тууралуу Бээжиндин расмий статистикасына ишенбей турганын дагы бир жолу билдирди.

Өткөн жумада америкалык Fox News телеканалы анонимдүү булактарына таянып, коронавирусту алгачкылардан болуп жуктуруп алган адам Кытайдын Ухань шаарындагы Вирусология институтунун кызматкери болгонун билдирген. Ал илдетти лабораторияда иштеп жатканда жарганаттан жуктуруп алып, кийин шаарга алып чыкканы айтылган. Мындан тышкары телеканал вирус жасалма жол менен пайда болгонун жана атайылап таратылганын белгилеген.

Дүйнөдөгү вирусолог-адистердин көбү вирус табигый жол менен пайда болгонун билдиришүүдө. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзянь коронавирустун жасалма жол менен пайда болгондугу тууралуу версия эч кандай далилдер менен негизделбегенин айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: