Кыргызстанда бүгүн, 20-апрелде дагы 14 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын арасында 6 медицина кызматкери бар. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттөгү брифингде билдирди.
Анын айтымында, вирус жуктурган дарыгерлер:
– Бишкек шаарында – 1,
– Жалал-Абад облусу – 3,
– Ош шаарында – 1,
– Нарын облусунда – 1.
Ал эми Кыргызстанда жалпысынан, 140 медицина кызматкеринде коронавирус аныкталган.
– Дарыгерлер – 39;
– Орто медкызматкерлер – 58;
– Кичүү медкызматкерлер – 23;
– Ал эми 20га жакын бейтап – бул ар кандай медициналык мекемелердин кызматкерлери.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ