Menu

Нурболот Үсөнбаев: “Польшадан келген медициналык топ коронавирусту жуктурган бейтаптарды дарылоого жардам берет”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-апрелде саат 9дан баштап Польшадан келген медициналык топ Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында иш алып барышат. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Алар дарыланып жаткан бейтаптарга жардам берип, биздин медициналык кызматкерлер менен чогуу иш алып барышат. 24-апрелге чейин Бишкекте болушат. Андан кийин Ош шаарындагы ооруканаларга жана Жалал-Абаддагы ооруканаларга барып, бейтаптарды дарылоо процесстерине жардам беришип, кеп-кеңештерин айтышат.

Ал ошондой эле Кытайдан дагы дарыгерлердин тобу келе жатканын билдирди.

“Кытайдан келген дарыгерлер лабороториялык тастыктоолордун деңгээлин көрүшөт. Андан сырткары, дарыгерлерди окутуу, даярдоо процесстерине баа берип, дарыгерлерге кеп-кеңештерин берет” – деп кошумчалады Нурболот Үсөнбаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: