Menu

Өзгөчө абал киргизилгенден бери Ошто үй-бүлөлүк зомбулуктун 65 фактысы катталды

Бөлүшүү:

Коменданттык саат киргизилгенден бери Ош облусунда 56 жана Ош шаарында 9 үй-бүлөлүк зомбулуктун фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов онлайн-брифингде билдирди.

“Айта кетсек, былтыркы жылга салыштырмалуу Ош облусунда үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны азайган. Райондук милиция кызматкерлери үй-бүлөлөрдөгү зомбулук боюнча кайрылып жатабыз, бирок андай учурлар аз. Ошонун ичинде, айрым аялдар күйөөлөрүнө кол көтөрүп койгон учурлар бар. Ага-ини урушуп кеткени бар. Кайынэне менен келиндин урушуп кеткени бар. Мындай окуялар коронавируска чейин деле болуп келген” – деп билдирди комендант.

Ал ошондой эле, облуста кылмыштардын саны азайганын, жол кырсыктарынын саны төмөндөгөнүн кошумчалап өттү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: