Menu

Доллар менен евронун өсүшүнө байланыштуу чөт өлкөдөн дары-дармекти алып келүүнүн баасы 2 эсе көтөрүлдү

Бөлүшүү:

Кыргызстан дары-дармектерди жеткирүү жагынан импортко көз каранды өлкө. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде өкмөттүк онлайн-брифингде Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин директорунун орун басары Мариям Жанкорозова билдирди.

Анын айтымы боюнча, Кыргызстанга дары-дармектин жана медициналык шаймандардын 97-98% коңшу мамлекеттерден жана чет өлкөлөрдөн келет.

“Импортко көз карандылык калкка дары-дармек каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнө терс таасирин тийгизет. Доллардын көтөрүлүшү жана коронавирустук инфекциянын жайылышы менен көйгөй келип чыкты. Коронавирусту дарылоодо керектелүүчү дары-дармектерди экспортто үчүн чек аралар жабык. Кытайдагы кырдаал өндүрүштү толугу менен үзгүлтүккө учуратты, бул дары-дармектердин тартыштыгына жана баалардын өсүшүнө алып келди” – деп билдирди Мариям Жанкорозова.

Ал эми фармацевтикалык кеңештин төрагасы Эрнис Асанов доллар менен евронун өсүшүнө байланыштуу дары-дармекти алып келүү 2 эсеге кымбаттап кеткенин билдирди.

“Учурда дары-дармек менен камсыздоо көптөгөн мүчүлүштүктөрдү жаратты. Дарыларды алып келүү кыйынга туруп калды. Мурда ар бир килограммга 3-4 доллардын тегерегинде болсо, бүгүнкү күндө 7-8 долларга чейин көтөрүлдү. Ошого карабастан, дары-дармек, медициналык каражаттарды алып келип жаткан компаниялар менен сүйлөшүп жатабыз. Дарылардын баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча чаралар көрүлүүдө. Бүгүнкү күндө өтө чоң дефицит жок, бир гана баалардын көтөрүлүшү болду” – деп билдирди Эрнис Асанов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: