Menu

Некролог – Элмирбек Иманалиев

Бөлүшүү:

Кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы, актер Иманалиев Элмирбек Калилович 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Иманалиев Элмирбек Калилович 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Ак-Жар орто мектебинен 7-классты аяктагандан кийин окуусун Бишкек шаарында улантып, Улуттук филармониянын алдындагы студияны бүтүргөн.

1994-1998-жылдар аралыгында Республикалык «Сейтек» балдар борборунда, Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониясында, андан соң Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы драма театрында иштеген.

2000-2004 ж. ж.  билимин улантып Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана искусство университетин аяктаган. Төкмө акындардын мектебине айланган Республикалык «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана аталган фонддо 5 жыл төрагалык кызмат аткарган.

Элмирбек Иманалиев соңку мезгилдин залкарлары Эстебес, Тууганбай, Ашыралы сыяктуу жез таңдай акындардан таалим алып, улуттук өнөрдүн көчүн татыктуу улап, төкмөчүлүк өнөрдүн туу башында келди. Эл сүймөнчүгү, нукура акын Элмирбек Иманалиев таланты менен өлкөбүздө өткөн кадыр-барктуу конкурстарда, фестивалдарда бир нече жолу баш байгелерди жеңип алып, элибизге аттын кашкасындай таанылган. Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү белгилүү төкмөлөр менен айтышып, күч сынашып, башкы байгелерди жеңип, акындык өнөрдүн аброюн көтөргөн. 2003-жылы Казакстандын Астана калаасындагы төкмө акындар фестивалында башкы байгени утуп алып, казак бир туугандарыбыздын зор алкоосуна ээ болгон.

Элмирбек Иманалиев көп кырдуу талант, анын жараткан обондору жалпы элибиздин жандүйнөсүнө айланып, кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылган. Ал манасчылык, дастанчылык өнөрдү туу тутуп, кыргыздын атактуу эпосторун, дастандарын жогорку чеберчилик менен аткарып келди. Элмирбек Иманалиев Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма тетарында драматург С. Алтымышевдин «Токтогул» драмасында — башкы ролду ойноп, Токтогулдун  жаркын образын жараткан.

Таланттуу акын, ак таңдай төкмө Элмирбек Иманалиев өмүрүнүн акыркы жылдары «Айтыш» коомдук фондунун устаты, «Төкмө келсе төр бошот» теле долбоорунун негиздөөчүсү, жаш акындардын  өнөр устаты болуп келди.

Элмирбек Иманалиевге маданиятка кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наамы ыйгарылган.

Элмирбек Иманалиев чыгармачылыгынын гүлдөп турган мезгилинде дүйнө салды, анын артында мыкты чыгармалар, мукамдуу ырлар калды. Нукура талант, кыргыз элинин сыймыгы, улуттук өнөрдүн көрүнүктүү залкарларынын бири катары Эл ырчысы Элмирбек Иманалиевдин жаркын элеси элбиздин  жүрөгүндө түбөлүк жашайт.

Жакындарына,  туугандарына, өнөр кесиптештерине  терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз!

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, А. Ж. Исмаилова, Д. А. Эсеналиев, С. Шер-Нияз, К. К. Иманалиев, Н.Тотонов, А. С. Кодуранова, А. К. Жаманкулов, С. А. Раев, К. Б. Базарбаев,  Б.Жакиев, З. Үсөнбаев, Т. Казаков, Н. С. Мирзахмедов, Т. Т. Жайылов, К.Садиев, Т. Р. Козукеев, Р. Аманова, А. Болгонбаев, М. Самыйкожо, А. Нуралиев, А. Кутманалиев, Ж. Жумакадыр, А. Туткучев, Ш. Абдырахман, С. Бейшекеев, Ф. Бекмамбетов, А. Маратов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: