Menu

КР Президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси Наргиза Мансурова жалган маалымат таратпоого чакырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси Наргиза Мансурова мамлекеттик бийликтин бардык күчү коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жумшалып жаткан учурда жалган маалымат таратпоого чакырды.

«КР Премьер-министринин, Өкмөттүн кызматтан кетиши жана өлкө Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер тандалышы мүмкүн экендиги тууралуу ар кандай ушак-айыңдарды таратпоого чакырабыз.

Учурда бардык мамлекеттик бийлик органдарынын күч-аракеттери толугу менен коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жана анын кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган.

Буга окшогон ушак-айыңдар бирөөлөр аркылуу атайылап жасалып, акыркы күндөрдө жайылтылып жатат деп ойлойбуз.

Ошондуктан саясий чөйрөнү жана массалык маалымат каражаттарынын бардык болгон күч-кубатын мамлекеттик органдардын инфекцияга каршы күрөшүүсүнө жардам берүүгө багыттоого чакырабыз».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: