Menu

Видео – Орус-казак чек арасынан өтө албай, 33 күндөн бери азап чеккен кыргыз эмгек мигранттары кыргыз бийлигинен жардам сурайт

Бөлүшүү:

“Биз быйыл февраль айында Кыргызстандан Россиянын Пермь шаарына курулушка иштегени келген болчубуз. Түркиялык фирманын Пермдеги заводун курууга чакырып, айына 45 миң рублдан айлык убада кылып алып келишкен. Бирок бир жарым ай иштегенден кийин андай айлык бере албайбыз дешти. Анда кетели, эсептешип айлыгыбызды бергиле десек, азыр акча жок, артыңардан салабыз деп, ар бирибиздин колубузга жол киреге 1,5 миң рублдан беришкен. Аны менен Кыргызстанга кайтып келе жатып, 19-мартта Россиянын Курган облусундагы орус-казак чек арасынан өткөрбөй 33 күндөн бери жардам күтүп ушул жерде турабыз”, -деп билдирди бүгүн, 21-апрелде Россиянын Петухово шаарчасынан  Кадырбек Касымбеков (ысымы өзгөртүлдү) аттуу эмгек мигранты.

“Кайда барарды билбей, 12 адам ушул орус-казак чек арасындагы Петухово шаарчасынан 1 бөлмөлүү квартираны ижарага алганбыз. Айына 15 миң рубль төлөшүбүз керек. Тамагыбызга акча жок, ар кимден карыз сурап, жардам сурап, 1 ай 3 күндөн бери Кыргызстандан жардам күтүп жатабыз. Бизди чек арадан өтүп, Кыргызстанга кетип калууга сүйлөшүп берүүнү суранабыз. Азыр Россиянын ичинде да бир шаардан экинчи шаарга мигранттар үчүн барууга болбой калды. Кыргызстандын элчилигине, консулдугуна чалсак бизге диаспоранын өкүлдөрүнүн телефонун берип, ошол жакка чалгыла дейт. Ал жакка чалсак алар деле жардам бере албады. Эми эмне кылышыбыз керек? Чек арада 33 күндөн бери жатабыз. Тамагыбызга акча жок, квартирага акча жок. Үйгө же иштегени башка шаарга кете албайбыз. Талаада калдык. Бизге жардам берер бийлик барбы?” – деди Кадырбек Касымбеков.

Жардам берүү үчүн +790687439665 телефону (уотсап) менен чалууга болот.

PS. Акыркы маалыматтар боюнча бүгүн, 21-апрелде “Аксы” коому бул жарандарга жардам иретинде 20 миң рубль которду.

Баткен кыз-келиндер уюму 10 миң рубль которгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: