Menu

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) ратификацияланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Аталган Макулдашууга ылайык, COVID-19 боюнча шашылыш долбоорду жүзөгө ашырууга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча өнүктүрүү өнөктөштөрүнүн бири катары чыгып жаткан Дүйнөлүк банк 12,150 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү, анын ичинен 6,075 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү грант жана 6,075 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү кредит түрүндөгү жеңилдетилген финансы каражатын берет (кредит Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын стандарттык шарттарында жалпы 38 жылдык мөөнөткө берилет, жеңилдетилген мөөнөтү 6 жыл, жылына 0,75% проценттик ченеми менен).

Долбоордун 2 компоненти каралган:

1-компонент: «COVID-19 боюнча шашылыш аракеттенүү» өлкөдө инфекциянын жайылуусун токтотууга жана анын кесепеттерин төмөндөтүүгө багытталган (ооруну аныктоо, ырастоо жана эсепке алуу, ооруга байланышкан адамдарды көзөмөлдөө), бул иш өткөрүү пункттарынан тартып атайын бөлүнгөн ооруканаларга чейин эпидемиологиялык чынжырчанын бардык этаптарында жүргүзүлөт.

Макулдашууну ишке ашыруу медициналык персоналдын коопсуздугун камсыздоого жана аларга кошумча финансылык дем берүүгө, ошондой эле COVID-19  инфекциясын жуктурган бейтаптарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга  өзгөчө көңүл буруу менен коомдук саламаттык сактоо системасынын жана COVID-19 пандемиясынын шарттарында медициналык жардам көрсөтүү системасынын потенциалын чыңдоого мүмкүндүк берет.

Долбоор COVID-19 боюнча программанын алкагында каржылоо үчүн тандалып алынгандыгына карабастан, бул долбоор саламаттык сактоо секторун өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү ишти толуктап турат, анткени кызыкдар тараптар менен аракеттенүү жана калк үчүн маалыматты ачык кылуу принциптерине таянып, айрыкча өзгөчө кырдаалдар жана пандемия шарттарында саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтууга жетишүүнүн жогорку деңгээлин камсыздоо максатын көздөйт.

2-компонент: «Долбоорду башкаруу, анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо», Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен болгон ишти координациялоо, ошондой эле башкаруу жана сатып алуу иштерин уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүн колдоого багытталган.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аталган долбоордун аткаруучу агенттиктери болуп эсептелет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: