Бүгүн, 22-апрелге карата Кыргызстанда дагы 22 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүк онлайн- брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы учурлар: Чүй облусунда – 2, Бишкек шаарында – 10, Ош облусунда – 1, Ош шаарында – 4, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусу – 4.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 612га жетти. Алардын ичинен:
– Ош облусунда — 151 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 109 адам;
– Ош шаарында — 97 адам;
– Бишкекте — 133 адам;
– Нарын облусунда — 74 адам;
– Чүй облусунда — 34 адам;
– Баткен облусунда — 6 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 8 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ