Menu

Нурболот Үсөнбаев Бишкекте коронвирусту жуктуруп алгандардын саны эмне себептен көбөйүп жатканын айтты

Бөлүшүү:

“Бишкек шаарында коронавирустук инфекцияны жуктурган адамдардын санынын тез өсүшү обсервациялардын көбү борбордо жайгашканына байланыштуу. Ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган бейтаптар менен байланышта болгондордун көпчүлүгү Бишкек шаарында катталган” – деп билдирди бүгүн, 22-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

“Ушундан улам интенсивдүү иштерге тартылган дарыгерлердин дагы саны көп болуп, маселе жаралууда. Биз муну акырындык менен жөнгө салып, тиешелүү иштерди жүргүзөбүз”, – деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, өлкөдө жалпысынан 612 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган. Оорудан сакайгандардын саны – 254. Ал эми каза болгондордун саны – 7.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: