Кечээ, 21-апрелде Нарын облустук бириктирилген ооруканасында коронавирус инфекциясы менен күрөшкөн 7 медициналык кызматкер обцервациядан чыгарылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, аларга белектерин тапшырышкан.
Белгилей кетсек, учурда Нарын шаарында коронавирус илдети менен ооругандардын баары айыгып чыккан жана бүгүнкү күнгө карата жаңы учур катталган жок.
“Нарын шаарында 5 адам, Жумгал районунда 1, Кочкор районунда 1 адам толук айыгып кетти”, – деп Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Улан Аалиев билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ