Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров чачын кырдырып таштады. “Кавказ-Реалии” билдиргендей, эртеси эле республикадагы көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер жана аткаминерлер дагы чачтарын алдырышты.
Кадыров дүйшөмбү, 20-мартта коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөргөн. Жергиликтүү жашоочу чач тарачтарды ачууга болор-болбосун сураган. Кадыров “баарыбыз чачыбызды кырдырып салсак жаман болбойт” деп жооп берген.
21-мартта Кадыров “Инстаграмдагы” баракчасына чачы жок чыгып, башкаларды да чачты алдырууга чакырган. Ал: “Сулуулук салондору жабык, үйдө да чач тарач жок. Биздин бабаларыбыз ушундай кылышкан. Башкысы, пайгамбарыбыз муну шейшембиден шаршембиге караган күнү жасаган”, – деп билдирди.
https://www.instagram.com/p/B_P-HF6JF6L/?utm_source=ig_web_copy_link
Кадыровдун сунушун кол алдында иштеген көптөгөн кишилер дароо аткарышты. Аткаминерлер дагы чачы жок сүрөттөрүн жана видеолорун соцтармактарга жайгаштырышты.
https://www.instagram.com/p/B_QI_t2FGgY/?utm_source=ig_web_copy_link
https://www.instagram.com/p/B_QXGf0FzMg/?utm_source=ig_web_copy_link
Демилгени ИИМдин жана Коргоо министрлигинин ар кыл түзүмдөрү да дароо илип алышты.
https://www.instagram.com/p/B_QUzhhlMpd/?utm_source=ig_web_copy_link
https://www.instagram.com/p/B_QP9eGKedj/?utm_source=ig_web_copy_link
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ