Menu

Нурболот Үсөнбаев: “Кытайдан жана Польшадан келген адистер биздин көчөлөрдө адамдардын көп жүргөндүгүн белгилеп, эскертишти”

Бөлүшүү:

Коронавирус инфекциянын жайылышынын себептеринин бири жарандардын көп топтолушу жана желдетүүнүн жоктугу. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, Польша менен Кытайдан келген адистерге ата мекендик дарыгерлер жаңы инфекцияны алдын алуу боюнча көптөгөн суроолорду беришип, аларга жооп алышкан.

“Мисалы, желдетүү режимин сактоо боюнча. Бөлмөдө таза аба болушу үчүн терезелер ар дайым ачык болушу керек. Ошондой эле колдор дайыма таза болуусу шарт. Дагы бир сунуш – биз муну дайым сөз кылып келген сунуш, ар бир уюмдагы дезинфекциялоо режиминин маанилүүлүгү” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Мындан тышкары, ал социалдык аралыктын маанисин эске салды.
“Көп учурда кичинекей мейкиндикте көп адамдар чогулушат, тыгыз мамиле инфекциянын жугушунун фактору болуп саналат. Ошондой эле, чет элдик дарыгерлер көчөлөрдө ар кандай себептер менен көп адамдар жүргөндүгүн белгилешип, эскертишти” – деп кошумчалады Нурболот Үсөнбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: