Menu

Ысык-Көлдө өспүрүм кыздарга өгөй атасы сексуалдык аракеттерди жасаган. Ал эми алардын апасы өзүнүн жанын кыям деп коркуткан

Бөлүшүү:

Түп районунда өгөй атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган бир тууган өспүрүм кыздар Семеновка айылындагы жеке менчик балдар үйүнө жайгаштырылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Түп райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

«Юристтер адам укугу үчүн» коомдук фонду маалымдагандай, 20-апрель күнү Түп районунун жашоочулары жашы жете элек эки кызга алардын апасы менен чогуу жашап жүргөн адам сексуалдык ыпылас аракеттерди жасаганын билдиришкен. Ал эми үй-бүлөнүн төрт баласы бар, эң кичүүсү 5 айлык.

Аталган окуя 17-апрелден 18-апрелге караган түнү болгон. Кыздардын апасы менен жашап жүргөн киши 1978-жылы туулган И.С. мас абалда кыздардын каршылык көрсөткөнүнө карабай кийимдерин күч менен чече баштаган. Ал эми 18-апрелде эртең менен кыздарды кошунасы өз үйүнө алып кеткен ал жактан ага окуя тууралуу кыздар өзүлөрү айтып беришкен.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кыздардын зомбулукка кабылганы боюнча маалымат Түп РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 165-беренесинин (ыпылас аракеттер) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Анын жыйынтыгына ылайык, ал кишиге байланыштуу чечим кабыл алынат. Ал азырынча кармала элек.

Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк медицина борбору кароо жүргүзүп, кыздардын денесинен жаракат, көк ала жана зордуктоо фактысы аныкталган эмес. Жаш өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын эске алуу менен балдар менен иштөө комиссиясынын кечээ, 21-апрелдеги чечими менен Д.М.нын жашы жете элек өспүрүм кыздары: 2008-жылы туулган Д.В., 2009-жылы туулган Д.Е., 2012-жылы туулган Д.Н. Ысык-Көл районуна караштуу Семеновка айылындагы  балдар үйүнө жайгаштырылат. Түп райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо сектору тарабынан жашы жете элек кыздарды кооптуу үй-бүлөдөн алуу актысы түзүлгөн.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жугуштуу оорулардын алдын алуу борборунун адистери үй-бүлө мүчөлөрүнөн коронавирус илдетине анализ алышкан. Азырынча эч кандай жыйынтык чыга элек.

Ал эми аталган үй-бүлө тууралуу эмне белгилүү?

Балдардын энеси Д.М. 1987-жылы туулган жана Түп айылында жашайт. 2016-жылдын 5-январында үй-бүлө үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо бөлүмүндө каттоодон өткөн.

Үй ээсинин, ошондой эле кыздарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок болгонуна байланыштуу жөлөк пул албай келишкен. Алардын баарына паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр калыбына келтирилип, жөлөк пул бериле баштаган.

Кыздар А.Карымшаков атындагы жалпы билим берүүчү мектепте окуп жатышат. Мектеп аларды окуу куралдары менен камсыз кылган. Буга чейин, кыздардын чоң атасы аларга жардам берип келген, бирок бир жыл мурун ал каза болуп калган. Ал жалданма жумушчу болуп акча тапчу. 2019-жылдын июль айында ал адам сууга чөгүп кетип каза болгон.

Ал эми кыздардын апасы Д.М. жалгыз бой эне деп эсептелет. Ал эч жерде иштебейт. Үй-бүлөгө ар тараптан тамак-аш, отун, кийим-кече түрүндө жардам берилип келген.

2019-жылы Түп айыл өкмөтү үй-бүлөгө үйдүн ичиндеги дубалдарды актоого, короодо тартипти калыбына келтирүүгө жардам берген. Алардын үйүнүн маңдайында жайгашкан дарыкананын ээси зарыл учурда дары-дармектер менен жардам берип келген. Ошондой эле коомдук бирикменин жардамы дагы көрсөтүлгөн. “Көрсөтүлгөн жардамга карабастан, аял өзүнүн жашоо шартына көңүл бурбай башаламан жашоого көнүп калган. Райондук мамлекеттик администрациянын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссия үй-бүлө кандай шартта жашап жаткандыгы менен таанышып, аялга эскертүү берилген. Ал эми Түп РИИБге кечки жана түнкү убакта үйүн көзөмөлдөп туруу милдеттендирилген. Райондук социалдык өнүгүү мекемеси тарабынан балдарын жатак мекемеге жайгаштыруу боюнча эскертүү берилгенде, ал өзүн өзү өлтүрүп салаарын, ал эми анын өлүмүнө алар күнөөлүү болуп калаарын айткан”, – деп билдиришти акимчиликтен.

Кыздарды таятасынын карындашы Ш.С. өзүм көзөмөл кылам деп үйүнө көчүрүп кеткен. Бирок Ш.С. Бишкек шаарына кетип, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Түп айылына келе албай жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: