Menu

Жакын арада БАЭдеги кыргызстандыктарды өлкөгө алып келүү үчүн 3 чартердик рейс пландалууда

Бөлүшүү:

Жакын арада Бириккен Араб Эмираттарындагы Кыргызстандын жарандары үчүн 3 чартердик рейс пландалууда. Бул тууралуу Дубайдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу билдирет.

Алардын айтымы боюнча, учууларды Fly Dubai  компаниясы 26-апрелде, 3- жана 10-майда жүргүзөт.

Дипломатиялык миссия коронавирустун белгилери жок кыргыз жарандарына гана учууга уруксат бериле турганын эскертет.

“Сураныч, билетти, паспорттун жана визанын көчүрмөсүн же алардын электрондук көчүрмөлөрү жаныңызда болсун. Эгерде, сиз аэропортко келүү үчүн жеке унааңызды колдонууну пландаштырсаңыз, анда тийиштүү уруксатты алуу же такси кызматын пайдалануу жөнүндө кам көрүңүз. Дубай Эл аралык аэропортунун 2-терминалына учуудан 3 саат мурун келишиңиз керек. Коргоо шаймандарын алып жүрүңүз жана аралыкты сактаңыз” – деп айтылат маалыматта.

Консулдуктун маалыматы боюнча, 430 кыргызстандык өз мекенине кайтууга ниеттенүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: