Ош облусунда 66 миң 815 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, жардам калктын бардык катмарына көрсөтүлүүдө.
“Такси кызматында иштеп, күнүмдүк киреше менен жашагандар бар. Калгандары чач тарачта, кээбири элге кызмат көрсөтүү тармагында иштегендер бар. Алар алты саны аман болгону менен бүгүнкү күндө жумушсуз калып, жардамга муктаж. Ошондой жарандарга дагы жардам бергенбиз. Ал эми “Апрель революциясынын баатырларына” келсек, быйыл он жылдыгы белгиленди. Массалык иш-чаралар болгон жок, анткени өлкөдөгү кырдаал буга жол берген жок. Бирок ошол апрель окуясына катышкандардын коомдору бар. Ошолордон түшкөн сунуштар боюнча жардамдар берилген. Эгер кимдир бирөөгө жардам берилбесе же тизмеде жок болсо, анда биз менен байланышсаңыз болот. Биз жардамга муктаж адамдардын бардыгына жардам берип жатабыз ”, – деди Жылкыбаев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ