Menu

Экс-премьер-министр Сапар Исаков Бишкектеги №1-СИЗОдон Петровкадагы №8 түзөтүү колониясына 15 жылдык жазасын өтөөгө которулду

Бөлүшүү:

Бишкек ЖЭБинин оңдоодогу коррупциялык иши боюнча соттолгон мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 23-апрелде  №1-СИЗОдон Петровкадагы №8 түзөтүү колониясына 15 жылдык жазасын өтөөгө которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өткөн.  Анда 86 кишинин иши каралып, камакта кармоо режиминин түрүн жана жазасын өтөө жайы каралган, анын ичинде мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, ошондой эле “Электр станциялары” ААКнын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов дагы бар. 

Жанторо Сатыбалдиев жана Салайдин Авазов Бишкектин аймагындагы түзөтүүчү колониялардын бирине которулду.

Эске салсак, үчөө тең борбордогу жылуулук электр борборун модернизациялоодо соттор тарабынан коррупцияга айыпталган. Свердлов райондук соту Сапар Исаковду 15 жылга, Жанторо Сатыбалдиевди 7,5 жылга, Салайдин Авазовду 11 жыл 3 айга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.
Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: