Menu

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Рамазан айына карата куттуктоосу

Бөлүшүү:

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар! Сиздерди Улуу Рамазан айынын кирип келүүсү менен чын дилимден куттуктайм! Исламдын беш шартынын бири — Рамазан айында орозо кармоо быйыл дүйнө элинде анын ичинде биздин мамлекетте тарап жаткан коронавируска жана өлкөбүздүн айрым аймактарында жарыяланган өзгөчө абалга туш келип олтурат. Бул дагы Жараткан Алла Тааламдын бизге берген сыноосу. Куранда Алла Таалам айтат: «Кургакчылык менен сууда канчалык бузукулук болсо бул дагы адам баласынын өзүнүн колу менен кылган жаман иштердин кесепетинен». Ушундан улам биз биринчиден тооба кылып, истигфар кылалы. Орозо айында баарыбыз Жараткандан жалбарып бүткүл элде тарап жаткан оору сыркоодон, кырсык апааттан алыс кылышын Алла Тааламдан тилеп, дуба кылалы. Биз ооруну эч убакта жеңил көз караш менен карабай, ага олуттуу мамиле кылалы. Бири-бирибизди колдоп, көмөктөшүп, ынтымакта сабырдуу бололу. Мындай сыноону изги тилек менен аягын жакшылыкка жооруйлу. Элди дүрбөлөңгө алдырбай, жалган жалаа маалымат таратпай мамлекетибиз сунуштаган эрежелерге баш ийип, дарыгерлердин кеп-кеңешин угуп, коопсуздугубузду ойлоп, өзүбүздүн саламаттыгыбыз үчүн көшөлү. Эрежелерге кайдыгер карап, башкаларга зыяныбызды тийгизбейли.

Кадырлуу мекендештер! Жараткан Алла Таала “Оо ыйман келтиргендер! Силерге орозо тутуу парз кылынды. Силерден мурдагыларга парз кылынгандай эле. Мүмкүн силер Алладан коркуп, күнөөлөрдөн сактанаарсыңар!” (Бакара. 182). — деп ыйык Куранда эскертет.
Улуу Рамазан айы биз үчүн Жараткандын кечиримин алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү шарттаган ай. Алла Таала Рамазан айына эселеп кут береке берип, аны «он бир айдын султаны» кылган. Учурдагы кырдаалга жараша мамлекетибизде абал турукташканча тарабих намаздарын баарыбыз үйдө окуп, ибадатка бекем бололу. Ифтарлык кылам деп көптөн бери ниет кылып жүргөн бир туугандарыбыз жардамга муктаждарга, оор кыйынчылык турмушту башынан кечирип жүргөн үй-бүлөгө барып аларга тамак-аш, азык-түлүк жеткирип сообун алсын. Алла Таала бир Хадиси Кудсиде “Адам баласынын орозодон башка ар кандай иштери өзү үчүн жасалат, орозо Мен үчүн жана анын сообун Өзүм берем”,-деди. Бул айда мусулман баласы күнөөлөрдөн тазалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондой эле коомдогу ажырымдын бүтөлүшүнө, ынтымактын бекемделишине, өнүгүп-өсүүгө көмөк болуп, кайрымдуулуктарды эселеп жасай турган ай.

Бул улуу айда жасалган жакшылыктардын сообу башкача болуп, ашыгы менен берилет. Анткени пайгамбарыбыздын хадисинде: «Бул ай улуу берекелүү ай. Бул айда кадырлуу бир түн бар, ал түн миң айдан жакшыраак, Алла Таала бул айдын орозосун парз кылды. Түндө намаз (таравих) окууну нафил ибадат кылды. Ким бир жакшылык (нафил ибадат) менен Кудайга жакын болсо, орозодон башка күндөрү парзды аткаргандай сооп алат. Ал эми бир парзды аткарса, орозодон башка күндөрдө 70 парзды аткаргандап сооп алат»,- деп айтылган.

Бул айда Жараткан Алла Тааламдын улуу, акыркы Курани Карим китеби бүткүл адамзатка бактылуулук үчүн түшкөндүктөн эң береккелүү ай. Биз андыктан Рамазан айынын маңызын, анын талаптарын, эрежесин канчалык терең түшүнүп толук түрдө өткөрсөк, канчалык кыйынчылык менен боло турган болсо, ошончолук сообу, берекеси көп болот. Андыктан, орозо айы ыймандуулуктун, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүтүн айы. Бул күндөрү жана жыл бою өзүбүздү өзүбүз суракка алып, кылган амалдарыбызды таразалап, эмне максатта жаралып, акырында кайда бараарыбызды эстен чыгарбай жүрүшүбүз керек.

Урматтуу мусулмандар! Алла Таала ар бирибиздин туткан орозолорубузду кабыл кылып, билип-билбей кетирген кемчиликтерибизди кечирсин. Кыргыз мамлекетибизде тынчтык, ынтымак, токчулук берсин, ар бир үй-бүлөдө сүйүнүч, бакыт берсин. Жаман оору-сыркоодон, бөөдө кырсыктан Алла Таалам алыс кылсын.

Сиздерди терең урматтоом менен,

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: