Menu

Нурболот Үсөнбаев: “Адамдар үй карантининин жана обсервация эрежелерин сактабаган учурлар болот, ал учурда милицияга кайрылабыз”

Бөлүшүү:

Адамдар үй карантининин жана обсервация эрежелерин сактабаган учурлар болот. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрель күнү КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

“Үй карантинине жайгаштырып жатканда, коронавирус инфекциясы тастыкталган адам менен тыгыз байланышта болгондор атайын макулдашууга кол коёт, өздөрүнө милдеттенмелерди алат. Бул маселе катуу көзөмөлдө турат. Бирок ошентсе дагы, бирин-экин тартип бузбай койбогондор болбойт. Биз бул тууралуу маалыматтарды комендатураларга же милицияга кызматкерлерине берип, кайра тартипке чакырып алабыз” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

Ал ошондой эле, обсервацияда жаткан адамдар тартипти бузса, бул маалыматта дарыгерлер дароо укук коргоо органдарына билдиришет.

“Биз ошол замат реакция кылганга аракет кылабыз. Укук коргоо органдарын чакырып, тартипти камсыз кылганга шарттарыбыз бар” – деп кошумчалады Нурболот Үсөнбаев.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: