Menu

Улуу Британияда коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосу башталды

Бөлүшүү:

Улуу Британияда коронавируска каршы Оксфорд университетинде иштелип чыккан вакцинанын клиникалык сыноосу башталды. Сыноого өлкөнүн түрдүү шаарларынан миңден ашык ыктыярчы катышат.

Вакцина шимпанзе вирусунун негизинде даярдалып, курамына жаңы типтеги коронавирустун генетикалык коду кошулган. Изилдөөчүлөр тесттердин жыйынтыгы жарым жылдын ичинде даяр болорун билдиришүүдө.

Дүйнөдө COVID-19га каршы вакцина иштеп чыгуу менен ондогон лаборатория алектенип жатат. Апта башында Германияда ыктыярчыларга тестирлөө жүргүзүлө баштаганы кабарланган.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, ушу тапта дүйнө боюнча 70 вакцина иштелип чыгууда. Буга чейин АКШ менен Кытай вакциналарды клиникалык сыноо башталганын билдирген. Орусия сыноолорду 1-июнда баштоону пландап жатат.

Адистердин пикиринде, жапырт пайдалануу үчүн вакцина 2021-жылдын башында даяр болот.

Жаңы коронавирус 2019-жылы декабрда Кытайда чыккан. Расмий статистикага ылайык, дүйнөдө COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны үч миллион кишиге жакындап калды. Пандемия башталгандан бери бул илдеттен 190 миңден ашык бейтап каза болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: