Menu

Карантин учурунда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана кандай иштеп жатат?

Бөлүшүү:

Карантин учурунда Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы өлкөдө киргизилген кырдаалга ылайык,    окурмандарды онлайн тейлөөгө өткөн.
Китепкананын кызматкерлери окурмандардын суроолору боюнча телефон, электрондук почта, социалдык тармак жана веб-сайт аркылуу консультацияларды берип, сканерленген материалдарды (китептердин, гезиттердин, журналдардын фрагменттерин) жана башка керектүү маалыматтарды жарандарга жөнөткөн.   Бул тууралу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Алсак, 2020 –жылдын 16- 23-мартына чейин телефон аркылуу суроолорго жооп берүү – 360, Веб-сайт (nlkr.gov.kg) жана социалдык тармактар (facebook) аркылуу суроо-талаптарды аткаруу  –  52 ни түздү.
Ал эми, өзгөчө кырдаал улантылгандыгына байланышуу  китепкананын кызматкерлери аралыктан иштөөгө өтүшүп, электрондук почта, социалдык тармактар жана веб-сайт аркылуу консультация берүүнү улантып жатышат.
Учурда китепкана Россия, АКШ сыяктуу чет өлкөлөрдөгү окурмандарды тейлеп жатат. Аларга А. Осмоновдун, М. Алыбаевдин, К. Эсенкожоевдин кыргыз тилиндеги китептери, балдарга арналган адабияттар, жомок, табышмактар жиберилди.
22-марттан 23-апрелге чейин китепкана “Ачык электрондук китеканасына” (www.lib.kg) кирүү мурдагы мезгилге салыштырганда бир нече эсе көбөйдү.  Сайтка 12 210 пайдалануучу кирген. Күн сайын 1 500 жакын адам кирип карап жатышат.  Аудиториянын географиясы (ар кайсы өлкөлөрдөн кирүүнүн проценти): Кыргызстандан – 86,9%; Өзбекстандан –  9,0%; Россиядан –  3,1%; Казакстандан –  2,9% ж.б. өлкөлөрдөн. Пайдалануучулардын жаш курагы 11 жаштан жогоруну түзөт.
Окурмандарды айрыкча сайтка жайгаштырылган окуу китептер көп кызыктырат. Эң көп каралгандар орус тил, кыргыз тил, англис тил боюнча методикалык колдонмолор, математика жана информатика боюнча окуу китептер.
Эң көп көчүрүлгөн китептердин тизмеси:
Русский язык. 5 класс. Методическое пособие – 66620
Русский язык. 6 класс. Методическое пособие – 63380
Кыргыз тили. 6-класс. Усеналиев И.  – 47998
Русский язык. 5 класс. Breusenko Rus I – 43628
Русский язык. 6 класс. Breusenko Rus I – 39542
Математика. 5-класс. Kydyraliev Rus I – 39517
English Language  Grade 6.  Методическое пособие – 26316
Математика. 6-класс.  Kydyraliev Rus I – 24192
Математика. 5-класс. Kydyraliev S  K Rus – 21657
Computer Science-5-grade-textbook-kyrgyz – 21205
КР Президентинин 2019-жылдын 14-мартындагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын бүткүл элдик майрам катары белгилөө жөнүндө Жарлыгына ылайык Улуттук Китепкана бул датага карата ММК аркылуу республикалык виртуалдык Конкурс жарыялаган, ал Конкурска   7 жаштан жогорку баардык каалоочулар катыша алышат. Конкурстун номинациялары:
– Конкурс эссе (дил баян);
– Көркөм окуу (видео).
2020-жылдын 23-апрелине карата бул конкурстун катышуучуларынын саны 23 киши болду. Катышкандардын курактык катеогриясы 7 жаштан 21 жашка чейин. Алардын көпчүлүгү Бишкек ш. мектептеринин окуучулары жана жождордун студенттери болду.
Сынактын жыйынтыгы 2020-жылдын 9-майында Улуу Жеңиш күнүнө карата жарыяланат.
Ошондой эле залкар акын Алыкул Осмоновдун 105 жылдыгына карата КР Улуттук китепканасы республикалык виртуалдык конкурс жарыялаган. Ал конкурска дагы 7 жаштан жогорку баардык каалоочулар катышса болот.
Бул конкурстун максаты балдардын, жаштардын жана алардын ата-энелеринин китеп окуусун өнүктүрүү жана колдоону көздөйт.
Конкурстун номинациялары:
– Конкурс эссе (дил баян);
– Көркөм окуу (видео).
Сынактын жыйынтыгы 2020-жылдын 27-майында Китепканалар күнүнө карата жарыяланат.
Мындан сырткары, китепкана кызматкерлери тарабынан бир катар усулдук нускамалар иштелип чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: