Темир Сариевдин 2017-жылы президенттик шайлоо алдындагы эки жолугушуусунун видеотасмасы жарыяланды. Биринчи видеотасмада ал тар чөйрөдө, Чүйлүк туугандар менен жолугушууда сүйлөп жатат. Экинчи видеотасмада ал КТРКада жалпы кыргыз элинин алдында бакылдап жатат.
“Чүй консолидация болуп, бир муштум болуп, бир адамга турбаса биякта утуш кыйын болот. Чүйдөн президент болсо мамлекетте туруктуулук болот. Быйыл президенттик шайлоо. Мен президенттик шайлоого аттанып жатам, өзүңүздөр билесиздер, мына съездге көпчүлүгүңүздөр келип бердиңиздер”, – деп Чүйлүк туугандарга айтып жатып Темир Сариев бирөө телефондун видеокамерасына тартып жатканын байкап, “муну тартпай эле койбойсуңарбы.., тартпай эле койбойсунбу”, деп камераны токтотот. Темир Сариевдин андан аркы жалындуу сөздөрүн Чүйлүк туугандар эле билбесе жалпы кыргыз журту билбей калды.
“Бөлүнүүнү токтотуш керек. Мен президент болуп келсем, бөлүнүүнү токтотом. Түндүк-түштүк, чыгыш-батыш, уруу-уруу деген болбош керек”, – дейт андан 5-10 күн өткөндөн кийин КТРКнын түз эфиринде.
Эми Темир Сариевдин кайсы сөзүнө ишенебиз?
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ