Коронавируска чалдыккан бир бейтапты дарылоонун орточо наркы 8000 сомдон 120000 сомго чейин болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде коронавирус менен ооругандарды дарылоого кеткен чыгымдар эсептеле элек экенин айтып, болжол менен Өзбекстандагыдай, бир бейтапка 3 миң доллар сарпталышы мүмкүн экенин айткан.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 656 учуру аныкталган. Анын ичинен 322 адам оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. 8 жаран коронавирустан улам каза болгон.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ