Menu

Коронавирус боюнча республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-апрелде коронавирус боюнча республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык абалы тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров аймактардагы обсервациялык пункттардын даярдыгы тууралуу айтты.

Жыйын жүрүшүндө коронавируска чалдыккандарды кыдырып аныктоо максатында Бишкектин айланасындагы конуштардын, ошондой эле вирус чыгып жаткан өлкө аймактарындагы айрым калктуу конуштарынын тургундарын текшерүүдөн өткөрүү маселеси талкууланды.

«Илдетти жугузган айрым райондордун аймагындагы үймө-үй кыдыруу, тургундардын саламаттыгын текшерүү иши уюштурулган түрдө сапаттуу жана ыкчам өткөрүлүшү керек. Мобилдик бригадалар иштин бул баскычына даяр болуусу шарт», – деди Кыргыз Республикасынын биринчи  вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана жоопкер кызматтарга медициналык кызматкерлердин жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалышын көзөмөлгө алууну тапшырды.

Жыйын соңунда үй карантини, облустардагы мобилдик бригадалардын ишин күчтөндүрүү маселесине тийиштүү бир катар тапшырмалар берилди.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: