Menu

COVID-19 дартына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн физикалык жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова белгилегендей, комиссиянын алдына келип түшкөн каражаттарды ачык-айкын бөлүштүрүү боюнча жооптуу милдет артылган.

«Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдар абалында комиссия дарыгерлердин кызыкчылыгы үчүн ыкчам чечим кабыл алуусу шарт. Түзүлгөн кырдаалдын өзү чечкиндүү аракеттерди талап кылууда», – деп белгиледи ал.

Андан соң, комиссия мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыбек Турусбеков учурда саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлери коомчулуктун жана мамлекеттин колдоосуна абдан муктаж экендигине токтолду.

«Биз ыктыярдуу жардам көрсөтүү фондунун каражатынан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга тартылган медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн тийиштүү сумманы бөлүп берүүбүз керек.  Алар өз өмүрүн кооптуулукка салуу менен жарандардын өмүрүн сактап калууга салымын кошууда. Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлердин толук тизмесин жана кошумча төлөмдөр үчүн зарыл болгон сумманы көрсөтүшү зарыл. Күнү-түнү эң кооптуу тилкеде иш алып барган медициналык кызматкерлерге өзгөчө көңүл бурулушу тийиш», – деди ал.

Өз кезегинде жарандык сектордун айрым өкүлдөрү түшүп жаткан акчалай каражаттарды жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга багыттоо зарылдыгын билдиришти.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча комиссия тараптан Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 дартын жуктуруп алгандарды аныктоо жана дарылоо процессине тартылган медициналык кызматкерлерге кошумча төлөмдөр үчүн талап кылынган сумма тууралуу бетачарды, тийиштүү эсептер менен биргеликте даярдоо тапшырылды.

Комиссиянын курамына тармактык мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: