Ош облусунун Алай районунда Улуу Ата Мекендик согуштун бир ардагери калды деп билдирди Алай райондук мамлекеттик администрациясы.
Маалыматка ылайык, Үч-Чат айылынын согуш ардагери Суранбай Алиевге Жеңиштин 75 жылдыгына карата жылына бир берилүүчү 75 миң 600 сом жөлөк пул берилген.
Аталган согуш ардагери быйыл 100 жашка толгон.
Мындан тышкары 55 тылдагы согуштук кызматчыларга ар бирине 15 миң 100 сомдон берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ