Menu

Фото – Кытайдан келген дарыгерлер кыргыздарга бейтаптарды дарылоону, айыгып чыккандар менен иштөөнү, өзүн-өзү коргоону окутушууда

Бөлүшүү:

Кытай Эл Республикасынан келген медициналык эксперттик топ жергиликтүү дарыгерлерди окутуу иштерин бир жума бою жүргүзүшүүдө. Лекция семинарлар аралыкта өтүлүүдө, мындан сырткары сабактар ютуб каналы аркылуу түз алып көрсөтүлүп жатат. Күн сайын бир нече саат аралыктан лекциялар өтүлүп, анда жугуштуу илдетке чалдыккандарды дарылоо ыкмалары, алдын алуу жана айыгып чыккан бейтаптар менен иштөө эрежелери үйрөтүлүп жатат. Бул тууралу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Рустам Курманов, Кыргыз мамлекеттик  медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунун ректору, – “Алты  күн ичинде биздин кытайлык кесиптештер  коронавирус менен кантип күрөшүү керектигин, дартка чалдыккандарды кантип аныктоонун жолдорун  түшүндүрүп бергенге аракет кылышууда. Мындан сырткары инфекциянын өзгөчөлүгү, био коопсуздук маселелери козголуп жатат.  Мисалы бүгүн, дарыгерлер ПЦР анализ жана томография аркылуу жугуштуу вирусту аныктоонун жолдорун айтып берип жатышат”, – деди Рустам Курманов.
Кытай дарыгерлери өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдөн сырткары жергиликтүү даарыгерлердин жумушуна көз салышууда. Алардын аракетине оң деген бааларын беришүүдө.
“Биз Кыргызстанга кесиптештерибизге жардам берүү үчүн келдик. Баардыгыбыздын максатыбыз бир, бул, жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу. Кытайда иштеп жүргөндө бул ооруу менен күрөшүүдө бир нече ыкмаларын иштеп чыкканбыз, жана алар жакшы натыйжа берди. Кытайда жана башка мамлекеттерде дарылоону ийгиликтүү жүргүздүк. Азыр мына кыргыз кесиптештер менен иштеп жатабыз, бейтаптарды дарылоону гана эмес айыгып чыккандар менен иштөөнү дагы окутуп жатабыз, мындан ары дарыгерлердин өзүн-өзү коргоосу боюнча сабактар өтүлөт. Баарыбыз бирге болсок гана бул оорууну жеңебиз”, -деп белгиледи  Хай Бу Нур ЮШан, медициналык эксперттик  топтун жетекчиси.

       

   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: