“Кыргызстанда эч кимге аты белгисиз, унчукпай жүрүшкөн 10 миллиарддер-олигарх бар, алардын алдында Бабанов жөн эле оюнчук болуп калат. Эл атын билген “Бабанов неге жардам бербейт, тиги бербейт, бул бербейт?” деп эле жатышат. Бабановдон 10 эсе бай олигархтар бар. Менимче ошол аты белгисиз олигархтар азыр элге жардамын бериши керек. Ошолор жардам беришсин. Мен азыр алардын атын атай баштайм. Силер колдоп турсаңар эле мен алардын атын атайм. Карантинди дагы 30 күнгө узартышса ошол байлар элди багыш керек. Эмнеге унчукпай байлыгын жашырып олтурушат?”, – деп билдирди бүгүн, 26-апрелде экс-прокурор, блогер Сыймык Жапыкеев .
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ