Бүгүн, 27-апрелге карата Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды, анын ичинен үчөөсү медициналык кызматкерлер. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Ооруга чалдыккан медициналык кызматкерлер: Бишкек шаарында – 2, Ош шаарында – 1 катталган. Анын ичинен экөөсү дарыгер, бирөөсү медайым.
Жалпысынан Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 183кө жетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ