Бүгүнкү күндө стационарда 292 бейтап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, 258 бейтап канаттандырарлык абалда, 22 бейтап орточо оор абалда. Ал эми 12 адамдын абалы оор, жандандыруу бөлүмдөрүндө 7 бейтап жатат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 695 учуру аныкталган. Анын ичинен 395 адам оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. Сегиз жаран коронавирустан улам каза болгон.
Булак: «KyrgyzToday»
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ