Ош облусу боюнча акыркы бир сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн болгону 1 жаран кармалды. Ал жаран Ош шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилип ага карата административдик протокол түзүлүп, эртең менен үйүнө жеткирилди. Ал эми калган багыттар өз нугу менен кетип жатат. Коомдук саясий-кырдаал туруктуу жана комендатуранын көзөмөлүндө. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ