Бүгүн, 27-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов
онлайн-брифингде жарандардан келген суроолорго жооп берди.
Анда бир жарандан “Такталбаган маалыматтарды таратып жаткан канча жаран аныкталды жана аларга кандай чаралар көрүлдү?”,- деген суроо келген.
“25-марттан бери “коронавирус жок, адамдарды жөн эле кармап жатат” деген жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн 3 жаран кармалган. Аларга карата административдик протокол түзүлүп, эскертүү бергенбиз. Эгер алар дагы ушундай жалган маалыматтарды тарата турган болсо, анда берене менен иш козголмок. Андан бери мындай жалган ирээтинде маалыматтарды тараткандар каттала элек”,- деди комендант.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ