Menu

Бириккен Араб Эмираттарынан 178 кыргызстандык келди

Бөлүшүү:

Кечээ, 26-апрелде «Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» каттамы менен Кыргызстандын 178 жараны өлкөгө келди. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы башкы консулу Айбек Маматбеков үйүнө кайтууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 3-10-майда Дубай-Бишкек чартердик каттамы менен дагы эки рейс уюштуруларын билдирген. Баш-аягы Кыргызстанга дагы 280ге жакын киши келет деп божомолдонууда.

Башкы консулдун маалыматына караганда, Бириккен Араб Эмираттарында 3500ге чукул кыргызстандык бар (консулдук расмий каттоодо 2495 киши турганын билдирди).

Кыргыз өкмөтү 21-апрелде аталган өлкөдө Кыргызстанга кетүүгө билет алып авиакаттамды күтүп жаткандарга жатакана жана тамак-аштан жардам берүү үчүн 5 млн. сом бөлгөн.

27-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 695ке жетти, алардын сегизи каза болду, 395 бейтап айыгып чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: