Menu

Чүй раймилициясынын начальнигинин орун басарына пара сунуштаганы үчүн кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Чүй облусунун прокуратурасы кичинекей баласын бойго жеткен кошунасы сабаган эненин арызын карады.

Эске салсак, Токмокто 11 жаштагы баланы кошунасы сабап салган. Ал эми жабырлануучунун апасынын айтымында, баласына кол салган адам өзүн жабырлануучу катары көрсөтүүгө аракет кылган. Ага Токмок ШИИБ кызматкерлери жардам беришкен.

Ошондой эле сабалган баланын апасына Токмок ШИИБинин башчысынын мурдагы орун басары Самат Кулжабаев, учурда ал Чүй ОИИБнин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштейт, кошунасынын үстүнөн жазган арызын кайтарып алуусун суранып 20 миң сом акча сунуштаган. Кулжабаев өзү бул фактыны моюнга алып, эки тарапты элдештирүүгө аракет кылгандыгын айткан.

Чүй прокуратурасынын маалыматы боюнча, бул факты Укук бузуулардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 320-берененин 2-бөлүгүнүн “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча катталып, тергөө ишин уюштуруу үчүн Чүй облусунун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, баланын энеси Токмок ШИИБнин тергөөчүсү Жибек Султанбаева Токмок аймактык ооруканасынын дарыгери менен анын баласынын дарылануусуна жол бербөө жөнүндө сүйлөшүүгө аракет кылгандыгын билдирди. Бирок бул факт, прокурорлордун айтымында, тастыкталган эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: