Menu

Видео – Кыргыз миллионери Рахат Ирсалиев өзүнүн жеке менчик вертолётун элге көргөздү

Бөлүшүү:

Кыргыз миллионерлеринин бири Рахат Ирсалиевдин жеке менчик вертолёту (гирокоптер) жана самолёту бар экендиги белгилүү.

Ал бүгүн, 27-апрелде өзүнүн жеке менчик вертолётун элге көргөздү. Бул тууралу Ысык-Көлдө тартылган видеотасманы белгилүү салбуурунчу Алмазбек Акунов өзүнүн сүрөтү менен кошо жарыялады.

Ошондой эле миллионер өзүнүн вертолётун өзү башкарып, учуп бараткан видеотасмасы да бүгүн жарыяланды. Маалымат боюнча ал кечээ Бишкектен Ысык-Көлгө өз иштери боюнча учуп барган.

Былтыр сентябрда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду самолётуна салып учуруп эс алдырганы жарыяланган.

Рахат Ирсалиев 1964-жылы Кочкор районунун Чолпон айылында туулган.

Атасы Молдобек Ирсалиев санжырачы катары Кыргызстанды түрө кыдырып, азык уруусунун санжырасын иликтеп, “Азыктар” аттуу китебин чыгарган.

Рахат Ирсалиевдин “Юнис-Курулуш” аттуу ири курулуш компаниясы бар. Таш иштетүүчү фирмасы, “Альба” электр-монтаж иштерин жүргүзүүчү ишканасы, “Стройиндустрия” кыш заводу, “Ынак сүт” айыл чарба компаниясы жана нан жабуучу кичи заводу, эки чакан ГЭСи бар.

2007-2008-жылдары КР Жогорку Кеңешинин 4-чакырылышынын депутаты болгон.

   

Былтыр, 2019-жылы күзүндө, 4 жылдан бери Москвада качып жүргөн Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келгенде, Рахат Ирсалиев аны вертолётуна жана самолётуна салып учуруп, эс алдыргандыгы белгилүү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: