Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын арасында белгилүү адамдар, саясатчылар, шоу-бизнес өкүлдөрү жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Бүгүнкү күндө белгилүү саясатчылардын, маданият, шоу бизнес өкүлдөрүнүн арасында коронавирус илдетин жуктургандар жок. Бирок вирус жуктурган жарандар менен байланышта болгондор бар. Алар баардык текшерүүдөн өтүшүп, үй карантининде болушуп, бардык шарттарды аткарышты. Бирок бактыга жараша алар коронавирус илдети менен ооруган жок”,- деди Үсөнбаев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ