Menu

Видео – Балбак Түлөбаев: “Бишкектеги айрым парктарда дезинфекция иштеринен кийин канаттуулар өлүп жерде жатат деген маалымат жалган”

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы айрым парктарда дезинфекция иштеринен кийин канаттуулар өлүп жерде жатат деген маалымат жалган. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

Маалымат жыйында Түлөбаевке “Бишкектин айрым парктарында канаттуулар дезинфекция иштеринен кийин жерде өлүп жаткан учурлары кездешкен. Бул экологияга терс таасирин тийгизбейби?”,- деген суроо берилди.

“Мындай маалымат калп болуп чыккан. Себеби жерде өлүп жаткан көгүчкөндөр Алматы шаарында болгон. Ал фейк маалымат. Ал эми учурда бак-дарактар гүлдөп, жашыл чөптөр өсүп жатат. Аларга зыян келтирбегендей кылып, акырындан дезинфекция иштерин жүргүзүп жатабыз. Биз булардын баарын алдын ала ойлонгонбуз. Бирок ушул убакка чейин айлана чөйрөгө зыян келтирген иштерди Бишкек шаарынан көргөн жокпуз”,- деди Түлөбаев.

Булак: «KyrgyzToday»

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: