Menu

Видео – Балбак Түлөбаев: “Муктаждарга азык-түлүк таратып жатканда, “Эт качан бересиңер? Бул жардамыңарга тойдук” дегендер да болуп жатат”

Бөлүшүү:

Бишкектеги муктаж адамдарга азык-түлүк тизме менен бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, азык-түлүктөр таратылып жатканда, бардыгы видеого тартылып, паспорттордун көчүрмөлөрү алынат. Кээде жардамдар жаңылыштык менен дагы таратылып калган учурлар болгон, андайды көргөн кварталдык комитеттин өкүлдөрү же муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлери жардамды кайра артка алып, муктаж болгон үй-бүлөлөргө берген учурлар да болгон.

“Жалпак тил менен түшүндүргөндө, Бишкекте 22 муниципалдык аймактык башкармалык болсун. Айталы, 500 досуна жардам берсин, бирок бүгүн 74 миң үй-бүлө (250 миңге жакын адам) жардам алышты, анын ичинен жардамды 2 миң тууган-уругуна берсин, бирок 180 миң адамга жардамды жеткирдик да. Мунун барына жооп бере турган убакыт да келет. Мунун баарын тиешелүү органдар текшерет. Мындай өтө чоң иштерди алып барып жатканда, сөзсүз адамдык фактор болуп калышы мүмкүн, бирок жалпы жолунан жардамды бардык жарандарга жеткирип жатабыз” – деп билдирди Балбак Түлөбаев.

“Бизден эт да сурай башташты. “Эт качан бересиңер? Эт жейт элек. Пияз, сабиз алып келгиле, бул жардамыңарга тойдук” дегендер да болуп жатат. Демек, эл эт сурап жаткандан кийин жардамдар муктаждарга толук жетип жатат деп ойлойбуз. Кээ бир райондордо кайрымдуулук уюмдар эт дагы таратып жатышат, бирок, аны биз тараткан жокпуз. Бизден сурабаңыздар. Балким, аны башка уюмдар берип жаткандыр” – деп билдирди Балбак Түлөбаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: