Menu

Өзбекстандын Юстиция министрлиги орусиялык сайттарды чагымчылдыкка айыптады

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Юстиция министрлигинин басма сөз катчысы Севара Уринбаева мекеме сунуштаган мыйзам долбоорун туура эмес чечмелегендиги үчүн бир катар орус тилдүү сайттарды сынга алды.

Анын айтымында, министрлик сунуштаган мыйзам долбоорунда өкмөттүк мекемелердин ишинде мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын талаптардын аткарбагандарга 44-108 доллар өлчөмүндө айып пул салуу каралган.

Уринбаева бул демилге Өзбекстанда эч кимдин укугун бузбай турганын, мамлекеттик органдарга гана тиешелүү экенин белгиледи:

–Орусиядагы пропагандалык сайттар чагымчылдык кылып жатышат. Орусиянын Regnum сайты «Өзбекстанда мамлекеттик органдарда орус тилди колдонгондорго айып пул киргизилет» деп жазды. Жергиликтүү Vesti.uz сайты болсо «Өзбекстан Пушкиндин тилине айып пул салууга ниеттенип жатат» деген тема койду. Өкмөт мамлекеттик органдарды «өзбек тилин сыйлоого» чакырууда. Пропагандисттер Өзбекстанда «орус тил үчүн айып пул салынат» деп жазышты, — деди басма сөз катчы.

Ал өкмөттүк уюмдардын кызмат адамдары Өзбекстанда жашаса, өзбек тилин сыйлоого милдеттүү экенин, билбесе айып салынышы керектигин белгиледи.

Уринбаева Өзбекстанда жашап, башка тилде сүйлөгөн бир дагы жаран улутуна жана динине карабастан өзбекче сүйлөбөгөндүгү үчүн айып пул төлөбөй турганын кошумчалады.

Источник: “Служба новостей Центральной Азии”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: