Быйыл кыргызстандык алты жаран Гарвард университетине окууга кирди. Бул тууралуу бир нече жыл мурун магистратураны аяктаган кыргызстандык кыз Айзада Марат Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
Гарвард университети – АКШдагы жана дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү жана эски университеттердин бири. Ал жерде жалпы канча кыргызстандык студент окугандыгы жөнүндө маалыматтар жок, бирок 2015-жылы жети кыргызстандык студент ал жактан окууну бүтүргөнү белгилүү болгон. Университеттин сайтында 2018-жылы кыргызстандык он жаран окууну аяктаганы жана эки кыргызстандык студент окуусун улантышканы айтылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ