Бүгүн, 29-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтчү кызы Алия Шагиева “Страннный мир” аттуу алгачкы ырына клип тартып, аны коомчулукка жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымы боюнча, ыр үйдө жазылып, анын клиби дагы үйдө тартылган. Ал ырынын сөздөрүн өзү жазган, ал эми музыкасы Иван Бродниктики.
“Карантиндеги чыгармачылык. Бул менин биринчи клибим, анын үйдөгү шартта тартылганына кубанам. Бир аз тамашалуу, бир аз капалуу, көпчүлүккө бул клип такыр түшүнүнүксүз болсо керек” – деп жазган Алия Шагиева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ