Menu

Кыргызстан менен Испаниянын Тышкы иштер министрлери коронавирус менен күрөшүү боюнча Испаниянын топтогон тажрыйбасын үйрөнүү маселесин талкуулашты

Бөлүшүү:
Бүгүн, 29-апрелде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри  Чыңгыз Айдарбековдун Испания Королдугунун тышкы иштер, Европа Биримдиги жана кызматташтык министри Аранча Гонсалес Лайе менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Министр Ч.Айдарбеков эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин жана саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда түз байланышты уюштуруу жана маалыматтарды алмашуу жолу аркылуу коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча Испаниянын топтогон тажрыйбасын алууга кыргыз тарабынын кызыкдарлыгын белгиледи.
Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары консулдук маселелер боюнча да пикир алмашышты. Испаниядагы Кыргызстандын жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелери өзүнчө каралды.
Министрлер жакынкы убакта онлайн конференция форматында министерлердин орун басарларынын деңгээлинде тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кезектеги саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашты.
Мындан тышкары, тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө, ошондой эле эки тараптуу жана эл аралык күн тартибинин маселелерине көңүл бурушту, өз ара кызыкчылыкдарды көздөөчү маселелер боюнча диалогду колдоп турууга келишишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: