Борбор калаанын мэриясы дарыгерлердин жана эпидемиологдордун коопсуздугу үчүн бардык шарттарды түзүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле шаар тургундарына, жеке ишкерлерге жана кайрымдуулук фонддоруна ушундай оор мезгилде жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирет.
Мэриянын маалыматы боюнча, борбор калаанын экс-мэри Нариман Түлеев борбордогу дарыгерлерди, мобилдик топторду колдоп, жеке коргоо шаймандарын шаардык саламаттыкты сактоо бөлүмүнө өткөрүп берген.
Дарыгерлердин коопсуз иштөөсү үчүн 5 миң респиратордук бет кап, 10 миң хирургиялык бет кап, бир миң коргоочу костюм жана бир жарым миңге жакын коргоочу визор алынды. Шаардык мэриядан билдиришкендей, бардык жеке коргонуу шаймандары жогорку сапатта, Кытайда жасалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ