Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев COVID-19 шарттарында бюджетти түзөтүү боюнча кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн 2020-жылга карата республикалык бюджетине коронавирус инфекциясынын дүйнөлүк пандемиясынын таасирин эске алуу менен жана өлкөдө өзгөчө абал/кырдаал режимдери киргизилгендигине байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, коронавирус инфекциясы пандемиясынын өлкө экономикасына тийгизген кесепеттери бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. Тышкы, ошондой эле ички булактардан кошумча ресурстарды тартуу иштерин активдештирүү зарыл.

Муну менен бирге Мухаммедкалый Абылгазиев бардык мамлекеттик социалдык милдеттенмелер өз убагында жана толук көлөмдө каржылана тургандыгын баса көрсөттү. Ошондой эле бюджеттин чыгаша бөлүгүндө коронавирус инфекциясынын кесепеттери менен күрөшүү боюнча иш-чараларга жумшалуучу бардык кошумча чыгымдар эске алынат.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу, экономикалык кырдаалдын божомолунун мүмкүн болгон сценарийи, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрү талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү мындан аркы иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: