Menu

Видео – Борбордон түштүккө кеткен дарыгерлер өз чөнтөгүнөн акча төлөп келүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-апрелде өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү Кубанычбек Калмаматов жана Айнура Акматова жарандардан келген суроолорго жооп беришти. 

Анда ” Бишкектен Жалал-Абад, Ош жергесине кеткен дарыгерлерди министрлик алып келбей, алар өз чөнтөгүнөн акча төлөп үйлөрүнө келип жатыптыр. Ал жакка кеткен дарыгерлердин бир айлык мөөнөтү бүттү, канча дарыгер азыр үйлөрүнө келишти? Эмне үчүн биз кайтып келген дарыгерлер жөнүндө маалымат ала албай жатабыз, министрлик эмнеге аларды кайра алып келүүнү караган эмес?”,- деген суроо келген.

“Дарыгерлер түштүккө жардам берүү максатында жөнөтүлгөн. Алардын кайтып келүүсү боюнча дагы тактап көрөлүк. Себеби биздин алган маалыматтар боюнча аларга атайын автоунаалар уюштурулуп берилиши керек”,- деди Калмаматов.

“Мен коллегамды толуктап кетейин. Албетте биздин дарыгерлер кетип жатканда маалымат бергенбиз. Өзүңүздөр билгендей өзгөчө абал киргизилгендиктен автоунаалардын ошол облустарга барып келиши чектелип жатат. Анан алар бир ай иштегенден кийин, баардыгы чоогу эмес, 2-3төн эле келиши керек болууда. Мен өзүм дагы Ош облусуна барып иштеп келдим. Ал жакка кетип жатканда гуманитардык жардам ташыган автоунаа менен эле бардым. Дарыгерлер борборго келип жатканда өз чөнтөгүнөн акча төлөп жатышса, сөзсүз түрдө кеткен чыгымдарын төлөп беребиз. Андан тышкары, келген баардык дарыгерлер менен алардын кандай иштегенин, ал жерде кандай маселелер болгонун биз чоогу тактайбыз”,- деди Акматова.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: