Menu

Билим берүү жана илим министри: “Өлкөдө мектепти бүткөндөн кийинки 10-20-30 жылдыктарды өткөрүүгө чектөөлөр болот”

Бөлүшүү:

Өлкөдө 10-20-30 жылдык иш чараларды өткөрүүгө чектөөлөр болот. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

“Сөзсүз түрдө 10 жылдык 20 жылдык 30 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттары боюнча чектөөлөр болот. Себеби баарыбыз азыркы абалды туура түшүнүшүбүз керек. Өздөрүнүн жана башкалардын коопсуздугу үчүн мындай иш чараларды токтотуп турушубуз керек. Ал эми акыркы конгуроо боюнча окуучулар эң башкысы мамлекеттик экзамендерди өз убагында тапшырып алышса, андан кийин өздөрүнүн коопсуздугу үчүн мүмкүн болушунча биз бул маселени токтотуусун талап кылып, чечим чыгаралык деп ниеттенип жатабыз”,- деди Исаков.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: